Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин өмүр таржымалы

3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы жактырылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 1960-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун "Дарылоо иши" бөлүмүн, 1985-жылы - КММИнин клиникалык ординатурасы, 1988 – жылы КММИнин аспирантурасын аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1989-жылы - "Он эки эли ичегинин жарасынын клиникалык жана иммунологиялык аспектилери" деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

1989-1995 -жылдары КММИнин факультет хирургиясы кафедрасынын ассистенти.

1995-жылы - КММИнин факультеттик хирургия кафедрасынын доценти.

2000-жылы - "Ашказан жарасы жана он эки эли ичеги жарасы хирургиясындагы алгачкы мезгилдин операциядан кийинки татаалдашын алдын алуу" деген темада доктордук диссертациясын жактаган.

2000-жылы - КММИнин факультеттик хирургия кафедрасынын профессору.

2002-жылы - аталган факультеттин хирургия бөлүмүнүн башчысы.

2004-2020-жылдын октябрына чейин - И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын хирургиялык бөлүмүнүн башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан