"Ош базарынын" айланасында мыйзамсыз соода кылгандардын базар ичиндеги соодагерлерге таасири тийип жатканы айтылды

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык мэриясында "Ош базарынын" айланасында жайгашкан мыйзамсыз соода-сатык жүргүзүү иштерин тартипке салуу максатында жыйын өтүүдө. Ага Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев, тийиштүү мекеменин өкүлдөрү жана соодагерлер катышып жатат.

Жыйында "Ош базарынын" ичинде соода кылгандардын бири мыйзамсыз соода-сатык кылгандардын базар ичиндеги соодагерлерге таасири тийип жатканын айтып өттү.

"Сыртта мыйзамсыз соода кылгандардын айынан ичиндеги соодагерлердин соодасы жакшы жүрбөй жатат. Көчөдө турушпасын, мыйзамдуу соода кылышсын", - деди соодагер Айнура Табышалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2021-02-05 16:12:59
Туура эле сыртка тургузбай башка жактан орун бериш керек эгер соода менен иштешсе.Ош базардын тегереги цыган городокко окшоп калыптыр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан