
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков министрлик кызматтан бошотулган Тилек Токтогазиев тууралуу пикирин билдирди. Алгач ырчы социалдык тармактагы баракчасына "Шаолинь эмнеси менен жакпай калды?" деген суроосун калтырып, кийинчерээк өчүрүп койгон.
Жогорудагы билдирүүдөн улам ырчы менен байланышканыбызда Тилек Токтогазиевдей болгон жаштар жумуштан кетип жатканына таң калганын айтат.
"Тилек Токтогазиевди жакшы тааныбайм, бир-эки жолу көрүп калгам. Аны ийгиликке жетишкен ишкер, айыл-чарбасына жакын адам катары билем. Бир жагынан билимдүү дагы, жакшы кадр катары көрүнгөн. Буга чейин мамлекеттик ишке аралашпай, коррупцияга булганган эмес. Өзүнүн амбициясы менен келди. Ушундай жаштарга колдоо көрсөтүп турсак жакшы болмок. Бирок тескерисинче колдобой жатканыбыз менде суроо жаратты.
Ал эми Шаолинь дегеним, муну тамаша иретинде эл айтып жүрөт. Биз саясатчы эмеспиз, биз элдин маанайын көтөргөн адамдарбыз. Мисалы, мени Шаолинь десе кубанмакмын. Анткени Шаолинди улуу даражалуу деп билишет. Биз Манас атабыз менен сыймыктангандай эле, кытайлар Шаолини менен сыймыктанышат. Маскаралай турган нерсе эмес", - дейт ырчы.
3-февралда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бир нече өкмөт мүчөлөрү ээлеген кызматынан бошотулган. Алардын катарында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев да бар. Ал бул кызматка өткөн жылдын октябрь айында орун алган толкундоолордон кийин дайындалган.