Бишкекте таксистти алдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте акча каражатын жана уюлдук телефон уурдоого шектелген жаран кармалды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүү жогорудагы каражаттарды токтоп турган унаадан алган.
Маалым болгондой, 5-февралда саат 6:25 чамасында милиция бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Кызыл-Аскер районунда токтоп турган унаанын ичиндеги 1 жарым миң сом акча жана уюлдук телефон уурдалганы айтылган.
"Жерине милиция кызматкерлери барганда арыздануучу таксист экени белгилүү болду. Ал кардарынан суу алып алуу өтүнүчү менен дүкөндүн жанына токтогон. Таксист дүкөнгө кирип суу алып чыкканча кардар акча жана уюлдук телефонду алып, изин жашырып кеткен.
Ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүү делинип М.М. аттуу жаран кармалды. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-02-06 14:28:15
М.М дебей толук атын жазбайсынарбы же кайнатабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан