Бишкекте кыздын кийиминин чөнтөгүнө баңгизат салган деген 30 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте кыздын кийиминин чөнтөгүнө баңги затын салууга шектелген жаран кармалды. Мындай маалымат патрулдук милициянын басма сөз катчысы тарабынан белгилүү болду.

Кечээ, 5-февралда болжол менен саат 06:17 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз аял жардам сурап жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке барган милициянын кайгуул кызматкерлерине 1996-жылы туулган А.Ж. аттуу кыз кайрылган. Анда белгисиз жаран арыз ээсинин чөнтөгүнө желим баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар нерсени салып койгондугун айткан. Текшерүү учурунда арыз ээсинин чөнтөгүнөн өзгөчө жыты бар салмагы 18 граммдан ашуун кара куурай табылган.

Бул ишке шектелип 1991-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалып, эки жаран тең Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлдү. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-02-07 08:27:46
Тооба кылдым... Чөнтөгүнө салгыча карап отурбай өзү деле аракет кылбайбы дейм да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан