Бычак менен коркуткан. Бишкекте каракчылык кылууга шектелип 20 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте 26 жаштагы жаранды бычак менен коркутуп, акча жана телефонун опузалап талап кылууга шектелген бала кармалды.

Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 5-февралда болжол менен саат 06:00 чамасында нөөмөт бөлүмгө Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жуучу жайдан бычак менен коркутуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Жерине барган милиция кызматкерлерине 1994-жылы туулган О.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсин бычак менен коркутуп, акча жана чөнтөк телефонун опузалап талап кылганы айтылган.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш изи сууй электе шектүү катары 2000-жылы туулган Ж.Ы. кармалды. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан