Бразилияда клубдун президенти өзүн-өзү өлтүргөн мурдагы футболчусун сындады. Ал эмне кылды эле?

Бразилиянын "Атлетико Паранаэнсе" футболдук клубунун президенти Марио Чельсо Петраглиа өзүн-өзү өлтүргөн клубдун мурдагы оюнчусу Сантьяго Гарсияны сындаган орой билдирүү калтырды. Билдирүүнү ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Клубдун тарыхындагы эң кымбат сатып алуу. Ал кокаин колдонгону жана бутунан жаракат алгандыгы үчүн соттолгон. Биз аны менен түзүлгөн келишимдин 50 пайызын төлөбөй миллиондогон каражаттарды үнөмдөп калганбыз. Таланты жок жана ошол эле учурда талабы дагы жок. Бирок бизге ар дайым көйгөй жараткан жигиттин аянычтуу өлүмүнө кайгырабыз", - деп жазган ал.

30 жаштагы Сантьяго Гарсия 6-февраль күнү өз үйүнөн жанын кыйган. Анын мындай кадамга баруусуна депрессияга туш болгону себеп болгон. Ал "Атлетико Паранаэнсе" клубунда 2011-2012-жылдары ойноп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан