Орусиянын аймагына кетүүчү жүргүнчүлөргө дарылоо мекемелеринен жасалма медициналык маалымкат саткан факты аныкталды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМге Орусиянын аймагына учуп кетүү үчүн жарандарга аталган өлкөнүн дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык маалымкат берген деген билдирүү келип түшкөн.
"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган фактыга шектелип, Каржы полициясынын мурдагы кызматкери, “Беш-Сары” соода борборунда жайгашкан “Тумар” жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. кармалды. Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече жасалма мөөрлөрү, штамптары табылып алынган.
Шектүү Ж.А. жабырлануучуларды алдап, кандайдыр бир документтерди сунуштап, Орусияга учууга жардам бере тургандыгын айткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 359-берене "Документтерди жасалмалоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жаран Т.Н. кайрылып, 46 миң 50 сомго “Бишкек-Москва” каттамы боюнча билет жана жасалма медициналык тактама сатып алгандыгын билдирген. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.
ИИМ шектүүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү номерлерге кайрылууну суранат: 0312 35-12-70, 0701 35-12-70, 0708 00-36-19;