SUPER.KG cайтынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү ыр, клиптерди сунуштап баяндоону улантабыз. Бул жолу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун "Көз жаш" клиби тууралуу баяндайбыз.
Ыр менен клип Орусиядагы карындаштын көз жашы аркылуу жаралган дейт ырчы.
"Кыш айларында Орусиянын бир топ шаарларында гастролдоп жүрдүм. Москва шаарына баруу үчүн автобекетте отургам. Бир маалда жакшынакай кыргыз кызы келип, “байке, мекендешим экенсиз, мага бир аз акча болсо кайрылышыңызчы?” деп жалооруду. Бир чети таң калып, бир чети боор ооруй карап, аны менен тааныша кеттим. Ал эмне болуп мындай тагдырга туш болуп калганын айтып, көз жашын төгүп бир топко ыйлады. Мен да бугун чыгарып алсын деп соороткон жокмун. Ал кыз көпчүлүк кыргыздардай эле Орусияга иштегени келиптир. Анан бир азербайжан улутундагы жигит менен таанышып, сүйүү сезимине кабылат. Бирок жигит кыздын болгон документтерин алдап алып, башка бир адамга салып берген экен. Ал адамдан кыздын боюнда да болуп калат. Кызыгы тараганда эски оюнчуктай болуп эшикке түртүлүп калган кыз автобекетте минтип кайыр сурап калыптыр. Ушул окуядан кийин кыздын тагдыры тууралуу ыр жазууну ойлодум.
Ал эми клип Ошто тартылган. Клипте кыйынчылык жараткан нерсе бөлмөгө суу толтуруу болду. Суу толтурабыз дегенибизди уккандар баш тартышты. Оштогу жатаканалардын баарын кыдырдык. Акыры Нурланбек Аккаров аттуу адамдын жардамы менен изолятордон тарттык. Алгач бөлмөнү бир топ кат целлофан менен каптап чыктык. Анан шланг менен бийиктиги 35 сантиметрдей суу толтурулду. Суунун ичиндеги кадрлар 3 саат тартылды. Суу кечип отуруп тоңуп калганымды айтпа.
Кызды ыйлата албай бир топ убараландык. Акыры анын көзүнө пияздын ширесин куюп жатып ыйлаттык. Клип 3 күндө тартылып бүткөн. Жыйынтыгында клип ойдогудай тартылып, көрүүчүлөрдүн купулуна толууда".
Гүлжигит Сатыбековдун "Көз жаш" клибин көрүү үчүн шилтеме.