170тей адам дайынсыз. Индияда муз көчкүдөн каза болгондор көбөйүүдө

Индияда муз көчкү жүрүп, каза болгондордун саны 14кө жетти. Мындан сырткары 170тей адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн полициясына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Гималайдан мөңгүнүн ири көлөмдөгү бөлүгү дамбаны бузуп, Индиянын түндүгүндөгү Уттараханд штатында суу ташкынын алып келген.

"Дайынсыз жоголгон 170 адамдын изи табылбай жатат. Дагы 30дай адам 2,5 километр узундуктагы тоннель ичинде камалып калган. Аларды алып чыгуу үчүн күнү-түнү иштеген куткаруучулар тобунун аракетинен азырынча майнап чыга элек. Акыркы маалыматтар боюнча, курулушу толук бүтө элек башка туннелге камалып калган 15 адам куткарылган. Муз көчкүсүнөн улам жаңы курулуп жаткан электр станциясы кыйроого учураган", - деп жазылат маалыматта.

Индияда муз көчкүдөн каза болгондор көбөйүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан