Баткен облусунда 4 ири суу чарба объектеринин курулушу жүрүүдө

Узундугу 7,3 чарчы метр болгон Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагындагы Молдо-Нияз каналынын жалпы сметалык баасы 280 миллион сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 224 миллион сомдук курулуш иштери аткарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда 538 метр тоннель казылып, аны бетондоо иштери аткарылууда. Аталган сугат каналынын курулушу аяктаса 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт жана 410 гектар жерге суу берүү жакшырат. Ал эми Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы «Кара-Кыштак Боз» каналынын сметалык баасы 401 миллион сом.

Бүгүнкү күндө аталган каналга кошумча дагы 1,5 чарчы метр ички чарбалык канал куруу иштери жүрүүдө. Бул сугат каналынын курулушу менен, 568 гектар жер өздөштүрүлүп, 700 гектар жерге суу берүү жакшырат. Каналдын узундугу 14,5 чарчы метр ошондой эле Баткен районунундагы « Р-4 » каналын куруу жана сыйымдуулугун көбөйтүү курулушунун жалпы сметалык баасы 500 миллион сом.

"Бүгүнкү күндө аткарылган жумуштардын болжолдуу суммасы 347 миллион сомду түздү. Каналдын жалпы узундугу 46 чарчы метр болсо, анын 12,4 чакырым аралыктагы эски негизги бөлүгү толук бүткөрүлүп, жаңы каналдын 3950 метр бетондоо иштери, жаңы ички чарбалык каналдын 24600 метр курулушу бүткөрүлдү. Натыйжада каналдын курулушунун 1-этабы аяктады. Курулуштун аякташы менен 1500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Ал эми Лейлек районунун Арка массивине өз нугу менен суу жеткирүү, дюкер куруу үчүн Республикалык бюджеттен 100 миллион сом акча каражаты каралып, азыркы күндө дюкердин суу алуучу курулмасында жана кум топтолуучу жайында курулуш жүрүп жатат.

Долбоор аяктаса жалпысы 2500 гектар жер өздөштүрүлөт жана сугат суу берүү жакшырат. Эң негизгиси суу таңкыс болгон, чек арадагы, эң алыскы Максат айылына суу жетет. Бул курулуштар 2026-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиялык мамлекеттик программа боюнча аткарылып жаткан ирригациялык объектер болуп саналат. Бул программага облустан жалпы 8 ирригациялык курулмалар кирген. Учурда аткарылып жаткан 4 сугат каналынын курулуштарына республикалык бюджеттен жана инвесторлордон этап-этап менен каражат ажыратылып, курулуштары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан