Бүгүн, 9-февралда Бишкектин айрым жерлеринде суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 09:00дөн 20:00гө чейин Панфилов, Горький, Л.Толстой, Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жана Керимбеков көчөсүнүн №5, 1б, 13/1, 13, Исанов көчөсүнүн 8, 5, 2г, 2а, 2б, 2в, Бөкөнбаев көчөсүнүн 152, 154, 162 дарегинде ичүүчү суу өчүрүлөт.
Белгилей кетсек, таза суу республикалык оорукана жана курулуш техникумда өчүрүлбөйт.