2021-жылдын 8-февралында болжол менен саат 02:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан спорт клубунун жанынан акчамды жана чөнтөк телефонумду уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи милициясынын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1991-жылы туулган Р.Н. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсинин “Самсунг А 11” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 5000 сом өлчөмүндөгү акчасын жашыруун түрдө уурдап кетишкен.
Жазылган арыздын негизинде милициянынын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүүлүдө.