SUPER.KG порталынын #SupersportАзатайтат долбоору акыркы бир жума ичинде Кыргыз өлкөсүндөгү жана дүйнөлүк спортто орун алган урунттуу учурлар менен тааныштырууну улантат.
Кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Борбор Азияга таанымал менеджер Саят Абдрахманов менен келишим түздү. UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко март же апрель айларында беттешке чыгышы мүмкүн. Бишкектик "Дордой" футболдук клубу орусиялык футболчулар Александр Бачевский жанан Кирилл Крестинин менен келишим түздү.
Дүйнөлүк спортто эмне кеп? "Барселона" футболдук клубу атактуу футболчу Лионель Мессиге 63 миллион 500 миң евро карыз. Хабиб Нурмагомедовдун жеңилбес иниси Умар Нурмагомедов беттештерге чыгууга даярмын дейт.