"Ак шумкарлардын" коргоочусу Тамирлан Козубаев карьерасын Орусияда улантат

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев Орусиянын улуттук лигасындагы "Шинник" футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайтына жарыяланды.

"Тамирлан, командага кош кел!" - деп жазылат клубдун сайтында.

Тамирлан Козубаев буга чейин Индонезиянын "
Персита Тангеранг" клубунда ойногон. Ал 2020-жылдагы сезондо Индонезия чемпиондугунда жалпы 3 оюнга катышкан.

"Шинник" футболдук клубу Орусия улуттук лигасында 16 упайы менен акыркы, 22-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан