Курулуш компанияларынын биринде мыйзамсыз куруу жөнүндө аныкталган коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, архитектуралык-курулуш жаатындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерсиз, көп кабаттуу үйлөрдү куруунун системалуу фактылары аныкталды.
"Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө жыйынтыгында укуктук баа берилет. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мыйзамсыз тургузулган объектилер инженердик коммуникациядан ажыратылып, курулуш иштери токтотулган.
Мындан тышкары мыйзамга ылайык Бишкек шаарынын аймагына мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузуу, ошондой эле мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияларга курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү укугуна берилген лицензияларды жокко чыгаруу боюнча сот иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.