Жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу эмгек жамаатына тааныштырылды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев эмгек жамаатка тааныштырылды. Аны өкмөт аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары Жетиген Бакиров тааныштырды.

Анда Жетиген Бакиров тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун айтып, жаңы дайындалган мэрдин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиевдин ишине ийгиликтерди каалап, Балбак Түлөбаевге ыраазычылык билдирип өттү.

Эске салсак, кечээ Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз арызынын негизинде кызматтан кеткени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
algakaray
2021-02-09 09:49:11
Туруктуу бироо болсо жакшы болот эле батыраак. Менин байпагыман да бат алмаша турган болду.
0
Jelezo
2021-02-09 10:30:39
Аял менен мушташып жүргөн жигит ушулбу?
+1
Nina.alex
2021-02-09 10:33:02
Jelezo,ооба,алданган дольшиктер барса бир аялды сабап салды элего. Куттуктайм,Бишкек.
+2
Jelezo
2021-02-09 12:31:08
Nina.alex,аялдарды сабаган болсо кыйын жигит экен бул деле көпкө отурбайт арыз жазат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан