Биз социалдык тармакта

Биринчи Май районунун аймагындагы сойкуканаларга рейд жүрдү (видео)

Бишкек шаарындагы Кулиев жана Пушкин көчөлөрүндөгү сойкуканаларга жана мейманканаларга рейд жүрдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 5-6-февраль күндөрү жүргүзүлгөн.

"Алдын-ала иш-чаралар жүргүзүлүп, интимдик кызматтарды көрсөтүүдө ишке тиешеси бар адамдар аныкталды. Иш-чаралардын жүрүшүндө эки аял аныкталды. Алар Биринчи Май РИИБине аты-жөнүн тактоо үчүн жана мыйзам бузууга жол берилбестиги жөнүндө профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүү үчүн алып келинген", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, күнүмдүк мейманканалардын ишмердүүлүгү дагы текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Ош базарынын" аймагындагы сойкуканаларга рейд жүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
u02u02
2021-02-09 16:17:09
2аял аныкталды дейби)))))
+2
Nursul
2021-02-09 21:08:21
Эки аял эмес эле Бишкекте көчө иттериндей эле көп булар калганы акча берип койсо жаап коюшту да же биз баратабыз эки күн рейт болот деп кулактап койгондур да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан