Балбак Түлөбаев маалымат жыйын берип, колунан келгенин жасаганын, кемчилик кетирсе кечирип коюусун айтты. Ошондой эле ал орус тилдүү журналисттерге кайрылды.
"Орус тили биздин эне тилибиз эмес, биз аракет кылабыз. Айрым учурда биз адашабыз, андан мемдерди жасоонун кереги жок. Көпчүлүк чиновниктерибиз айылда чоңойдук, шаарга келгенде орус тилинде сүйлөгөнгө аракет кылабыз. Кээде биздин жакшы айта албай калган сөздөрүбүздү сынга алганда капа болобуз. Силер андай кылбашыңар керек, тескерисинче, башкаларга жардам бергиле.
Орусча сүйлөп, бир жерден кемчилик кетирип койсок тепкилеп каласыңар. Биздин эне тилибиз кыргыз тили да. Баарына түшүнүктүү болсун деп орусча сүйлөйбүз. Мен айылдан келгем, өмүрүмдө орусту 1989-жылы көргөм", - дейт.
Ошондой эле Балбак Түлөбаев жаңы дайындалган мэрге жардам берели дейт.
Эске салсак, кечээ, 8-февралда Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кеткен.