Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген Балбак Түлөбаев журналисттер үчүн маалымат жыйын берди.
Суроо: "Сиз кызматта турган учурда жол кире акысын көтөрүү маселесин май айына чейин чечип берүүнү убадаладыңыз эле? Аталган көйгөйдүн жыйынтыгы кандай болот?".
Жооп: "Мамлекет кантип өнүгөт - качан гана ишти улантуу болгондо өнүгөт. Себеби Азиз Суракматовдун жакшы иштерин уланттым. Эгер мен айткан нерселер туура болсо кийинки келген адам улантып кетиши керек. Ошондо өнүгүү болот. Эгер туура эмес ойлор, иштер болсо аны аткарбай коюшу керек.
Ушуга чейин Бишкек шаарындагы бир адамдын дагы акысын жебегенге аракет кылдым. Бир адамдын акысы уктатпайт.
Шаар - бул организм. Аны алып кетиш кыйын. Муну 3 жылдын ичинде араң түшүндүм. Баарыңарга ыраазычылык билдирем!" - деп сөзүн аяктады Балбак Түлөбаев.