Биз социалдык тармакта

Кызматтан кеткен Балбак Түлөбаев бардык министр, депутаттардын бизнестери бар экенин айтты

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кеткен Балбак Түлөбаев бүгүн, 9-февралда маалымат жыйын берди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, бардык чиновниктердин бизнеси бар экенин айтты.

"Бишкекте бардык элиталардын бизнестери бар. Депутаттардын, министрлердин, топтордун арасында мыйзам бузгандары бар. Айтпай эле коёюн дегем, азыр суракта жаткан депутаттын жерди басып алган, талаптагыдай курулуш жүргүзбөгөн иши бар. Мен андайлардын аттарын атабай эле коёюн, кийин билип аласыздар.

Мындай бузуулар мамлекеттик органдарда дагы бар. Алар жакында билинмек. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында өз кызыкчылыгын көздөгөндөр жок эмес", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2021-02-09 13:36:09
Корупционерлер жеңди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан