Бишкек шаарында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-январь күнү Октябрь РИИБине Бишкек шаарынын тургуну А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 18-январдан 19-январга караган түнү арыз ээсинин 10-кичи районунда унаа токтоочу жайда токтоп турган Honda-Fit үлгүсүндөгү 4 миң 500 долларлык унаасын белгисиз жарандар айдап, андан ары из жашырып кетишкен.
Мындан сырткары 21-январь күнү М.М. аттуу шаар тургуну дагы арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү 4-кичи районунда токтоп турган Honda-Fit үлгүсүндөгү 300 миң сомдук унаасын белгисиз жарандар мыйзамсыз түрдө айдап кетишкен. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене "Автотранспорт каражатын уурдоо" боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.
"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип, Чүй облусунун Беловодское айылында 1972-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Беловодское айылындагы жеке үйлөрдүн биринен мурда уурдалган унаа табылган. Кылмышка шектүүгө кароо жүргүзүү учурунда унаанын эшигин ачып жүргөн универсалдуу ачкыч табылган. Учурда үчүнчү жактарга сатылып кеткен экинчи уурдалган унааны табуу боюнча издөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.