"Текшерсеңер билесиңер". Балбак Түлөбаев 3 жыл мэрияда таза иштегенин айтты

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматтан кеткенден кийин маалымат жыйын берди. Анда ал кандай кызматка барары маанилүү эмес экенин айтат.

"Менин кандай кызматка барарым эмес, өлкөнүн бүтүндүгү маанилүү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка барбай деле өкмөткө, элге жардам берсе болот. Түрктөр эмне үчүн өсүп, өнүгүп келе жатат. Алар өлүп баратса да өлкө аман болсун деп өлүшөт экен, мен ошол сөзү үчүн түрктөрдү сыйлайм. Биз дагы өлкөм аман болсун дешибиз керек.

Балбак Түлөбаевдин кызматка баруусу, кызматта калуусу маанилүү эмес. Менин артымдан изилдөөчүлөргө бир нерсени баса белгилеп айтып коёюн, 3 жыл иштеп бир чарчы метр жер алган жокмун, бир күркө же компания ачып, бир дагы курулуш жасаган жокмун. Текшерсеңер чыгат. Мен шаардыктар үчүн иштедим", - дейт ал.

Эске салсак, кечээ, 8-февралда Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан