
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев бүгүн, 9-февралда алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
Жаңы мэр өз сөзүндө Азиз Суракматов, Балбак Түлөбаевдин бүтүрбөй калган иштерин улантарын билдирди. Андан сырткары башаламан салынган имараттар, күйүп кеткен прокуратуранын эски имаратын, жана башка бир катар муниципалдык имараттардын көйгөйүн чече турганын билдирди.
Эске салсак, кечээ Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз арызынын негизинде кызматтан кеткени кабарланган.