Кытайдагы Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.
"Торугарт" өткөрүү пункту 11-февралдан тартып убактылуу жабылат. Көзөмөл-өткөрүү пунктунан унаалардын жана товарлардын өтүүсү 15-февралынан тарта улантылат. Ал эми "Эркеч-Там" өткөрүү пункту 12-февралдан тартып убактылуу жабылып, 16-февралдан тарта иштей баштайт", - деп жазылат билдирүүдө.
"Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары Кытай жана Кыргыз өлкөлөрүнүн ортосундагы товарлардын өтүүсүн гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштейт.