"Рекорд жаңыланды". Жөө күлүк Мусулман Жоломанов Түркиянын ачык чемпионатында коло медаль тагынды

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү Мусулман Жоломанов жана Алмаз Эсенжанов Стамбул шаарында жабык имаратта өткөн Түркиянын ачык чемпиондугуна катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Мелдештин жыйынтыгы менен Мусулман Жоломанов 1500 метр аралыкты 3 мүнөт 49 мүнөт секундда чуркап өтүп, 3-орунду ээлеп, Кыргыз өлкөсүнүн рекордун жаңылады. Ошондой эле ал 3000 метр аралыкты 8 мүнөт 22 секундда чуркап өтүп, 6-орунду ээледи. Алмаз Эсенжанов 1500 метр аралыкта 16-орунду жана 3000 метр аралыкта 10-орунду ээледи.

Ачык чемпиондукка 9 өлкөдөн жалпы 111 спортчу катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2021-02-09 13:33:16
Туура жазгыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан