Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиевдин биринчи маалымат жыйыны болуп өттү. Анда ал бул кызматка кандайча келип калгандыгы тууралуу суроолорго жооп берди.
Маалыматка ылайык, Нургазиев өзү президент Садыр Жапаровго шаарды өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүшкөнүн айтып, аталган кызматка президенттин айланасындагы адамдар түрткөнүн билдирди.
"Президенттин айланасындагы адамдар менен сүйлөшкөм, алар мени Садыр Жапаров менен жолуктурушту. Ага пландарымды, идеяларымды айтып бергем. Садыр Жапаров менен шайлоо учурунда дагы сүйлөшкөнбүз. Эки жолку жолугушуудан кийин талапкерлигим жактырылды", - деди ал.