Бишкекте адашып кеткен бала табылып, атасына өткөрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-февралда болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына "Ала-Тоо" борбордук аянтында кичинекей бала адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 9 жаштагы Ы.Б. аттуу кичинекей бала үйүн таппай адашып жүргөндүгү аныкталган. Баланын жашаган дареги жана жакын туугандарын издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде жашаган дарегин таап, атасына аман-эсен жеткирип беришти", - деп жазылат маалыматта.