"Манас" эл аралык аэропортунун ААКнын башкы директору болуп Бакыт Шаршеев дайындалды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчи бүгүн, 9-февралда эмгек жамаатка тааныштырылды.
"Бүгүн, 9-февралда "Манас" эл аралык аэропортунун ААКсынын директорлор кеңеши өткөргөн жыйында Бактыбек Сыдыковдун кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Бакыт Шаршеев 2013-жылы "Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.