"Манас" эл аралык аэропортунун ААКнын башкы директору Бактыбек Сыдыков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-февралда "Манас" эл аралык аэропортунун ААКсынын директорлор кеңешинин жыйынында Бактыбек Сыдыковдун кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы болуп Бактыбек Сыдыков дайындалган.