Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго коррупция боюнча дагы айып тагылды

Башкы прокуратура "Манас" Эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуевге карата козголгон иш боюнча сотко чейинки процесстин алкагында Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп турганда Түрк компаниясын кызыкчылыгын коргогонун маалымдады. Прокуратуранын маалыматында, Эл аралык аэропорттун айрым кызмат адамдары чет элдик компаниянын эл аралык транспорту үчүн мыйзамсыз жеңилдиктерден пайдаланышкан.

Буга байланыштуу 2021-жылдын 8-февралында Башкы прокуратура Албек Ибраимовго карата сыртынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айып тагышкан. Учурда ал изделүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура "Манас" эл аралык аэропортундагы туруктуу коррупциялык схеманы аныктаганын маалымдаган.

Анда аба майдандын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык каттамдарга жүк ташыган "Гата эйрлайнс" компаниясына жеңилдиктер берилип кеткен. Мунун кесепетинен 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта мамлекетке 12 миллион доллар зыян келтирилген.

Аталган мыйзамсыз ишке шектүү катары "Манас" эл аралык аэропортунун дирекциясынын мурдагы башчысы Нурсултан Белеков кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында "Манас" эл аралык аэропортунун директорлор кеңешмесинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовду, мекеменин мурдагы президенти Эмир Чукуевди, акционердик коомдун башка жооптуу кызматкерлерин, Мүлк фондунун жана Монополияга каршы агенттиктин жооптуу кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү маселеси каралып жатканы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Spb
2021-02-09 19:45:46
Бизде чондордун баары еле зек болуп бупмой болдуго даже прездентен баштап биринчи иштецт анан иштен тушкондо сразу жамандап камамай башталат ишке орношордо мактайт же ушунчалык карупця кучоп кеткенби бизде тушунуксуз баары еле камалап
-1
algakaray
2021-02-09 20:41:59
Таап куздургулачы пенсия, пособияга кошуп бергиле он эки миллион долларды
+4
Rusbayastan
2021-02-09 21:38:14
Мен колдойт болчумун жеген акчасын 5 эсе кылып толоп берсе ошондо камабаса болот. 700 миллион доллар жеп 2 миллиард сом толоп чыгып кетпегендей.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан