SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Сайкал Садыбакасованын "Жакшы сөз айтчы мага" ыры кошулду.
3-ФЕВРАЛДАН 10-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Айбек Замировдун "Это любовь" видеоклиби эң аз добуш топтоду.
9-орунга - Мурадил Данияровдун "Болбой эле" видеокомпозициясы жайгашты.
8-орун - Айгерим Расул кызынын "Роза" чыгармасына буюрду.
7-оруду - Калыс Жакыповдун "Баары мүмкүн" композициясы камсыздады.
6-орунга - Анжеликанын "Бакытым" чыгармасы жайгашты.
5-орунду - Тата Уландын "Келатат жаштар" чыгармасы ээледи.
4-орунга - Кызсайкалдын "Атыңыз жашайт жүрөктө" клиби жайгашты.
3-орун - Аваз Акимовдун "Элегант" аталышындагы чыгармасына буюрду.
2-орунду - Мирлан Баековдун "Өксүк ыры" аталышындагы клиби ээледи.
1-орун - Эрлан Андашевдин "Ыйлаба" аталышындагы ыры эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү клибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.