Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга жооп". "Жаңы-Өзгөндөгү ооруканага иштөөгө эч ким макул болбой жатат, маянасы аз" дешти тиешелүү мекемеден

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Өзгөн районунун жашоочусу байланышып, видеокайрылуу жолдоду. Окурман райондо жайгашкан Жаңы-Өзгөн шаарчасында курулган ФАПта медицина кызматкерлери жок, аңгырап иштебей турат деп кайрылган.

Аталган маселе боюнча Өзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун администрациясына кайрылып, төмөндөгү жоопту алдык.

Жаңы-Өзгөн ФАПы Өзгөн шаарынан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жашаган калкынын саны 1381 адам, анын ичинен 14 жашка чейинки балдар 522, 1 жашка чейинки наристелер 50.

Аталган ФАП №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна карайт. Жоопту дарыгер бөлүнгөн. Аптасына эки жолу барып байтаптарды тейлейт. Жаш балдарга жасалуучу эмдөөлөр пландуу түрдө дарыгердин жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмдөө медайымынын жардамы менен жүргүзүп жатат.

Жаңы-Өзгөн ФАПына медайым камсыздоо үстүндө администрация иш жүргүзүүдө, бирок айлык маянасынын аздыгына байланыштуу иштегенге эч ким макул болбой жатат", - деп жооп беришти Саламаттыкты сактоо министрлигинин Өзгөн районундагы координатору Бермет Мамасадыкова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rusi79
2021-02-10 15:10:09
5 минге ким иштейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан