SUPER.KG порталы “Жамгыр” ыры менен көпчүлүктүн арманын эстетип, популярдуу болгон ырчы Алтынай Асанбекова менен маек курду. Ал күйөрмандарына өзүн кенен тааныштырып, чыгармачылыктагы жетишкендиктери, максаты, жеке жашоосу тууралуу айтып берди.
Аты-жөнү: Асанбек кызы Алтынай
Туулган жылы: 1993-жыл 20-февраль
Туулган жери: Нарын облусунун Кочкор районуна караштууу Семиз-Бел айылы
Билими: Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын астындагы 2 жылдык опералык хор студиясын эки жыл окуп, андан соң Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жерге жайгаштыруу факультетин аяктаган.
Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок
- Алтынай эки жогорку билимиңиз бар экен. Чыгармачылык сиздин негизги кесибиңизби же жөн гана хоббиби?
- Ооба, эки кесип ээсимин. Биринчиден мамлекеттик кызматкермин, Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматта эмгектенип, ал жерден ордумду таптым десем болот. Экинчиден жан дүйнөм музыканы каалап, 2019-жылы ырчылыкка аттандым. Анткени ырчы болуу кичинемден берки аруу кыялым. 6-7-классымда агам айылга гитара көтөрүп келгенде, апам "токтотчу" деп урушканына карабай гитаранын кылдары үзүлгөнүнө карабай чертип, кыңылдап ырдай берчүмүн.
- "Жамгыр" ырыңыз бат эле элге сиңип, хит болду. Анын тарыхына токтоло кетсеңиз, ыр кантип жаралды?
- Ырдын автору менин бир тууган агам Бакыт Илиясов. Гитара карматып ырга болгон кызыгуумду да ойготкон ошол агам . Ал азыр үй-бүлөсү менен айылда турат. Өзү чыгармачылыктан алыста болгонуна карабастан, кээде калем кармап, ыр жазат. Ырлары да башкача, өзү да гитара колго алып чакан чөйрөдө ырдап жүрөт.
"Жамгыр" чыгармасын мен 10 жыл мурун эле угуп калып аткарайын деп сурангам. Курбум экөөбүз арзан эле аранжировщиктерге берип, үн түшүрүп ырдаганбыз. Чындыгында менин купулума толгон эмес, бирок ырдап чыкканыма сүйүнүп жүргөм. Ошондон бери телефондон телефонго өтүп жактырган адамдар угуп жүрүшүптүр. Менден бирөөлөр "мага бербейсиңби, мен ырдап чыгайын" деп сурашканда, эми ырчы болом ушул ырымды кайра жаздырам деген ой келип, 2019-жылы ырдап чыктым. Ал чыгарма мынчалык көп кишиге жагып хит болорун деле билген эмесмин. Кээ бирлери 10 жыл мурунку версиясын угуп "бул эски ырбы" деп да калышат.
- Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар? Менимче сиздин ырчылыкка кадамды таштаганда эле пандемия башталып калды окшойт?
- Туура, пандемия баарыбыздын жумушубузга чоң тоскоолдугун тийгизди. Анын үстүнө мен чыгармачылыкка жаңы киришип жаткам. Азыр Канат Кадыржан продюсердик борбор менен келишим түзүп кызуу киришип жатам. Бирок мамлекеттик жумушумду да бирге алып кетүүгө аракет кылуудамын. Агамдын жазылган ырлары куржунда көп, максатым башында ошол ырларын аткарып, элге чыгарып андан соң башка акындар менен да иштешүү.
- Бек Борбиевдин "Эсиңдеби" чыгармасын Кавер аткарган экенсиз. Автор кандай кабыл алды, оюн уктуңузбү?
- Кавер аткарганда негизинен автордон уруксат деле сурашпайт. Бирок мен жазганда дайыма "авторду белгилеп тургула" деп суранам. Бек агабызга жаккандай сөздөрдү уктум жана мага сүрөттөрдү жөнөтүштү. Сүрөттө "жакшы аткарыптыр" деген жазуусун скрин кылып алышкан. Сүйүнүп калдым. Сөз келгенде айта кетейин, жакында Бек Борбиев экөөбүз дуэт ырдап чыгышыбыз мүмкүн. Кайсы чыгарма экени сыр бойдон калсын, анткени тактала элек, аны азыр биздин менеджерлер сүйлөшүп жатышат.
-Тандаган ырларыңыз кайгылуу, жүрөгүңүздө бир арман бардай?
-Жашоодо абдан шаңдуу жүрөм, ырларга келгенде чындыгында эле жүрөгүмө армандуу ырлар жагат, үнүмө да туура келсе керек. Жүрөктө арман деле жок, чындыгында ушул жашка чейин мен бир да жолу олуттуу мамиле куруп көргөн эмесмин. Азыр да жүрөк бош. Шоу бизнеске аралашкандан бери "чыгармачылыкты ташта" деп айтпаган, мени түшүнгөн адам туш келсе экен дейм.
Окурман, маекти толугу менен видеодон көрсөңүз болот.