Депутат: "Үрөн чарбасынан үрөндү базардан арзан алдык деп бир дагы дыйкандан уга элекмин"

"Үрөн чарбасынан үрөндү базардан арзан алдык деп бир дагы дыйкандан уга элекмин", - деп бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров билдирди.

Анын айтымында, үрөн чарбасы үрөндү арзан баада бербейт. "Бир дагы дыйкан үрөндү арзан алдым деп айта элек. Муну ким көзөмөлдөйт?" - деп сурады депутат.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев жакшы үрөндөр арзан болбой турганын белгилеп, анын 30 пайызы мамлекетке берилип жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан