СУПЕРСТАН: "Эл эмне дейт? Кайдагы билимсиз, жарытпаган келин экен деп чыгышпайбы". "Эл эмне дейт" деп эмне кылдыңыз эле?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эл эмне дейт" деп эмне кылдыңыз эле? деген тема талкууга алынган.

Автордон: "Көп угам: "Эл эмне дейт?" деген сөздү.

Элдин сөзүнө калып кетүүдөн коркуп, керек болсо жеке жашоосун ошого жараша пландагандар бар. Эң жөнөкөй мисал айылдагы көп эле тааныш-туугандар Бишкекке келип, жакшы жумуш таба алышпаса, чет өлкөгө кетишет. Ал жакта соода борборлорунда жүк ташуучу, пол жуучу, сатуучу, таксист болуп иштешет. Бирок аны эл көрбөйт.

Жакында туугандарыбыздын биринин кызына куда түшүп келишип, бирок азыраак калың берип коюптур. "Эл эмне дейт" деп аны элге эки эселеп айтып, эми ошончо асмандагы суммага сеп даярдап жатат, мал-жанын сатып... Бир курбум бар, күйөөсүнүн туугандарынын алдында "авторитетин" кармоо үчүн бала артынан бала төрөп жатат. "Төрөбөсөм болбойт, антпесем иштешим керек болот. А мен канча жерге бардым, эч бир жакшы жерге ишке албай коюшту. Эл эмне дейт? Кайдагы билимсиз, жарытпаган келин экен деп чыгышпайбы!" - дейт.

Ушундай... Силердечи ушундай болгонбу? "Эл эмне дейт" деп чочулап, кандай кадамга бардыңыз эле?"

Пикирлер: "Эл менен жашамак белек" деген эле девиз биздики. Бирок ошол да кандайдыр бир таасирин тийгизет. Мисалы эжем Орусияга келип жумуш оор болуп кыйналганда да ошо "эл эмне дейт, кетип кайра келди, мурдунун суусун агызып" дебесин деп, көп кыйынчылыкты жеңип, азыр баары жакшы Кудайга шүгүр. Ошол сөз да кандайдыр бир таасирин тийгизет экен, анын 2 варианты бар бири жакшы жакка, экинчиси жаман жакка. Ар кандай болот. Бирок жеке мен андайга көп маани бербейм. Шартка жараша болот баары".

"Эл эмне дейт деген сөз көптөгөн сүйүшкөндөрдүн баш кошуусуна өтө алгыс тоскоол болгон..."

"Менин чоң атам көп айтып калчу эле. "Балам, сен эл менен адамсың, элге кошулбасаң катардан чыгып каласың" деп. Чынында "эл эмне дейт?" деп көп ийгиликтерге жетишесиң.

"Эл эмне демек эле. Эл айта берет. Бири билип айтса, бири билбей айтат. Менин жеке турмушума элдин эмне дегени кызыктырбайт. Бир иш кылсам үй-бүлөм, жакындарым менен кеңешип иш кылам".

Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан