Бишкек шаарынын мэрлигине татыктуумун деген Руслан Тагаев митинг болуп жаткан жерге барып сөз сүйлөдү.
"Адилеттүүлүктү талап кылып жатасыздар. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз. Эгер жогору жактан чыккан чечим болсо, анда макул болушубуз керек. Бирок жаштар келсин деген нерсе унутулуп калууда.
Шаар тургундары, келгиле эгерде буга чейинки талапкерлердин программалары жакшы болсо колдогула. А эгер меники жакшы болсо, мени колдогула. Эгер эл мени колдосо, ак эмгегим менен иштеп бергенге даярмын. Мен мэр болбой эле эмгегимди кылып жүргөм, кыла дагы берем. Мен Кудайдын ыраазычылыгы үчүн кылам.
Жаштар келсин деген жаштардын үмүтү өчүп бара жатат. Мэрликке талапкер болом дегендер жакынкы арада конференция беребиз ошого келсин. Бизге митингдин кереги жок. Рахмат сиздерге келгениңиздерге.
Азыр Нургожоевичтин бутуна бут, колуна кол боло турган мезгил. Ошол кишиге тоскоол болбойлу. Башка мамлекеттерден карыз албаган, карыз бере алган мамлекетке айланалы", - деди Тагаев.