Бүгүн, 10-февралда УКМК Муфтияттагы пара берүү фактысы боюнча маалымат тараткан. Тагыраагы, УКМКнын кызматкерлерине Муфтияттын башкы эсепчиси пара берип жаткан жеринен кармалган.
Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынан бул окуя боюнча соттун чечиминен кийин маалымат берилерин айтышты.
Жогорудагы окуядан кийин муфтий Максатбек Токтомушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды.