Биз социалдык тармакта

"Бишкегим - сүйүүм, ар-намысым". Балбак Түлөбаев Бишкек шаары менен коштошту

Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев социалдык тармактарга өзгөчө билдирүү калтырды. Тагыраагы, ал "Бишкегим - сүйүүм, ар-намысым. Туура эмес кылып алсам кечир!", - деп жазды.

Маалыматка ылайык, ал буга чейин эс алуу жана дарылануу үчүн өз каалоосу менен кызматтан кеткенин билдирген. Ошондой эле 3 жылдык ишинде таза иштегенин кошумчалаган.

Эске салсак, Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин дайындалган. Иштегенине 100 күн өткөндөн кийин кызматтан кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан