Белгилүү футболчу Азамат Байматов бишкектик "Алга" клубуна кошулду

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын коргоочусу, белгилүү футболчу Азамат Байматов Бишкектин "Алга" футболдук клубуна кошулду. Мындай маалымат аталган клубдун расмий сайтына жарыяланды.

"31 жаштагы футболчу менен келишим бир жылга түзүлдү. Азамат Байматов клубда 7-номерде ойнойт. Коргоочу командага кошулуп, жаңы сезонго даярданууда", - деп жазылат билдирүүдө.

Азамат Байматов былтыркы сезонду Малайзиянын "Куала Лумпур" футболдук клубунда өткөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rakyl12
2021-02-10 14:16:34
капалууго Азамат
+1
Belek1710
2021-02-10 22:50:10
Алга Азамат иним.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан