"Кичине тынчып турбайлыбы?". Кызматтан кеткен Балбак Түлөбаев ооруканадан кайрылуу жасады

Кызматтан кеткен Балбак Түлөбаев ооруканада жатканын айтып, кайрылуу жасады.

"Урматтуу шаардыктар, журналисттер бүгүн да чалып, сиз кетериңиз менен митинг башталды деп жатышат. Мен өзүм ооруканада жатам. Митингге чыккандарга кайрылам. Кичине тынчып турбайлыбы? Жакында апрель айында толук мыйзамдуу талаага барабыз. Конституцияны бекитебиз, ошондо өлкө башчы толугу менен ишке киришет.

Шаар өсүшү керек, дүйнө эли Кыргыз өлкөсүн карап турат. Шаардагы адамдар иштеш керек, көйгөйлөр өтө көп. Бири-бирибизге тоскоол болбой турбайлыбы. Эми азыр жаңы кызматка келген адам шайлана элек. Ал адамды колдоп берсек, ал шайлоого алып барып андан ары калабы же калбайбы чечилет да. Азыр ушул ишти колдоп жардам бербейлиби.

Чукулашып эле митинг кылып отура беребизби. Акылыбыз бар дегендей. Өзүбүздү же кандайдыр бир топту ойлой бербей, элге да тынчтык берели да. Мен силерден суранам, чыдап туралы, эми май айында жаңы мэр шайланып баары жакшы болот. Жаңы келген мэрди колдоп берип койгула", - деди Түлөбаев кайрылуусунда.

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин дайындалган. Иштегенине 100 күн өткөндөн кийин кызматтан кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
algakaray
2021-02-10 15:01:25
Туруктуу мэр шайланганча мен деле барып бираз иштеп албайынбы мэр болуп, бир эки жерден бизнес ачып алсам жетет эле)))
+4
bond02
2021-02-10 15:37:39
Балбак менен Анжелика окшош экен, согуштан суйлосон окоптон чыккан.
+3
Rahim76
2021-02-10 15:50:22
А Балбак билет экенсин апрельде толук кандуу жаны мыйзам менен олко иштешин.Сен да апрелге чейин чыдап турбапсын.коесло талашып кырылышат эми.
+2
Jelezo
2021-02-10 20:13:06
15 жыл мурун мэрдин орду 400 миң$ дешчүү азыр кымбаттап кеткен окшойт.Биринчи вице мэр иштеп турса болбойт беле же сөзсүз 2 айга мэр шайлаш керек беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан