Биз социалдык тармакта

Муфтиятты жети жыл башкарган Максатбек Токтомушев тууралуу маалыматтар

Бүгүн, 10-февралда УКМК Муфтияттагы пара берүү фактысы боюнча маалымат тараткан. Тагыраагы, УКМКнын кызматкерлерине Муфтияттын башкы эсепчиси пара берип жаткан жеринен кармалган. Жогорудагы окуядан кийин муфтий Максатбек Токтомушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды.

Максатбек Токтомушев 1973-жылы 9-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. 1991-1995-жылдары Ош айыл чарба институтунда окуп, зооинженер адистигин алып, андан кийин Пакистандагы медреседе окуган.

2005-2013-жылдары Бишкектеги медреселердин биринде сабак берген. Ошол эле учурда 2008-2010-жылдары Бишкек шаарындагы мечиттердин биринде имам болгон. 2013-жылдын июль айынан 2014-жылга чейин муфтийдин орун басары болуп иштеп, 2014-жылы муфтий болуп шайланган. Кийинчерээк, 2017-жылы кайрадан муфтий болуп шайланган.

Максатбек Токтомушев үй-бүлөлүү, 4 уул, эки кыздын атасы. Ал кыргыз тилинен тышкары орус, араб жана өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aliya-leyla
2021-02-10 17:02:54
неге алмаштырды эми муну
+1
nurgaz
2021-02-10 18:31:37
Муфтиятты тынч койгула.
+1
Agayu
2021-02-10 21:15:10
21 кылымда жашап жатабыз : Мыйзам деген бар : андан эч Ким качып кутула албайт.
0
batleybesh
2021-02-11 00:32:54
Agayu,кыйраттын озунчоле
0
States
2021-02-10 22:38:33
Мына сага . Молдолордун бети ачылды . Биз берген садагаларды да жеп журушкон экен да . Менден биринчи кетет булар тозоко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан