Айымдардын оргазм алуусунун түрлөрү

Айымдын төшөк оюнундагы оргазмы да бири-биринен айырмаланып турат экен. Андыктан оргазмдын түрлөрү менен кененирээк тааныштырмакчыбыз.

ӨЗ АЛДЫНЧА ОРГАЗМГА ЖЕТҮҮ
Денени балкытуучу сезимдин бул түрүнө жетүү үчүн айымга тынымсыз машыгуу керек. Айым жыныс кынынын булчуңдарын 2-3 секунд ичке тартып, кайра булчуңдарды бош коё берет. Бул көнүгүүнү кайталоо 1 же 1 жарым мүнөттү түзөт. Эми жыныс кынынын булчуңдарын бат-баттан ичке тартып, кайра тезден бошотуу талап кылынат. Бул көнүгүүнү кайталоо 1 мүнөткө чейин улантылат. Натыйжада жыныс кынына кан толот да дүүлүгүү келип чыгып, оргазмдын жакындап келатканы сезилет. Аталган көнүгүүлөрдү кайталоо менен жыныс булчуңдарын чыңдап, жыныс кынын кичирейтүүгө жетүүгө болот.
Жыныс кынынын кичине болушу эркекти толук канааттандырып, төшөктө рахат тартуулайт.

ФЕЙЕРВЕРК
Төшөктө катары менен бир нече жолу оргазм алууну фейерверк деп аташат. Мындай оргазмдын түрүн каалагандар сексти жекшемби күнгө ылайыкташтырганы оң.

Түгөйлөр ишти бири-биринин жыныстык органдарын колдун же тилдин жардамы аркылуу дүүлүктүрүүдөн башташса болот. Дүүлүгүп чыгышкан соң экөө ишти баштоого өтүшөт. Айым кумардын туу чокусуна чыгарына аз калганын сезип, мырзасына белги берүүсү кажет. Мырза болсо тизгинди тартып, кыймылын токтотот. Минтүү менен эркек бел суусун түшүрбөй кармоого жетишип, аялга бир нече оргазмды катары менен сезүүгө жеткирет. Кыскасы, мырза айымдын эрогендик зоналарын жадыбалдай бешке билип, кайсы учурда кандай кыймыл керек экенин жакшы билүүсү кажет.

СЮРПРИЗ
Бул оргазмдын эң күчтүү түрү. Мырза айымына оргазмдын бул түрүнүн даам­ын таттырууну кааласа, жыныс кынындагы чекитти (G-чекити) таап, аны жакшылап ыйкалай билиш керек.

Эркек айымдын “алигисин” сылап-сыйпалоодон баштайт. Айым дүүлүгүп баштаганда мырза колунун ортоңку манжасын жыныс кынынын ичине салып, жыныс тилчесин назик сыйпалоого өтөт. Айым эркекти каалап баштаган кезде туйлоого өтөт. Дал ушул маалда экөө ишке киришип, “артынан кошулуу” ыкмасын колдонгон оң. Бул ыкмада эркектин “алигиси” өтө терең кирип, миң түрлөнтүп ыйкай алат. Айым өзү жыныс тилчесин колу менен ыйкалайт. Натыйжада аял оргазмга жетип, аздап заара ушаткандай болот. Бирок бул заара эмес. Жыныс тилченин тегерегиндеги чекитти массаждаганда заара түтүкчөсүнөн атайын суюктук бөлүнүп чыгат.
Кыскасы, эркек менен катар аял да аракеттенип, өзүнө сюрприз жасагандай болуусу кажет.

БУЛУТ
Бул оргазмдын түрү жогорудагы экөөнө салыштырмалуу алсызыраак десек болчудай. Бирок унутулгус сезимди тартуулай алгандыгы менен өзгөчөлөнөт.

Сексологдордун айтымына караганда, оргазмдын булут түрүнө жетүү үчүн аял менен эркек бир капталына карап жатуу менен кошулушу керек. Эркек аялдын артына бекем жабышып, кошулуу оңой болушу үчүн бир бутун аялдын бутунун үстүнө чыгарса да болот. Эркек алгач «алигисин» аялдын жыныс кынынын үчтөн бир бөлүгүнө гана киргизип, ыйкалайт. Бул жыныс кынынын сезимтал бөлүгүнө таасир этип, аял оргазмга батыраак жете алары анык. Эми эркек “алигисин” улам тереңирээк киргизип, ыйкалайт. Натыйжада аял оргазмга жеңил жетет. Андыктан бул оргазм түрү булут деп аталат.

ТОЛКУН
Айымды узак убакытка чейин балкыта алган оргазмдын түрү. Эгерде шеригиңиз экөөңүздөр толкун аттуу оргазмдын даамын татып алсаңыздар, сиздер үчүн унутулгус кеч болору анык. Мында айым лаззаттын туу чокусунда туптуура 20 секундга чейин кармалып тура алат деген да маалыматтар бар.

Эркек аялдын жыныс кынындагы А чекити менен G чекитин таап, аларды бир калыпта ыйкалоосу зарыл. Эркек, ал турмак аял да аталган чекиттердин каерде экенин билбеши мүмкүн. Эгер айым өзү билбесе вибраторду колдонуу менен ал чекиттердин каерде экенин билип, анан эркекке түшүндүрсө болот.
Чекиттердин кайда экенин экөө тең билди дейли, эми айым керебеттин же үстөлдүн кырына эки бутун эки жакка ачып отурат. Мырза “куралын” аялдын “алигисине” болушунча терең киргизүүсү керектелет. Бирок оргазмга жетүүгө ашыкпаңыздар. Анткени толкун оргазмына жетүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Кыймыл бирде тездеп, бирде жайлап турат. Андан тышкары түркүн ыкмаларды колдонуу талап кылынат. Ошондо гана аталган оргазмга жетсе болот. Албетте, оргазм аялдын бүт денесине толкун сымал тарап магдыратат.

ЖЕТИНЧИ КАБАТ
Бул жогоруда сөз болгон оргазмдардан айырмалынып турат. Маалыматтарга караганда, айрым айымдар мындай оргазмга жеткенде эс-учун жоготконго чейин барышат.

Аял-эркек алгач бири-биринин денелерин массаждашы керек. Аз убакыт тиктешип жаткан соң “жан жериңиздерди” сылап-сыйпалоого өтүү керек. Бул жарым саатка чейин созулат. Денелериңиз ысып-күйүп, жүрөктөрдүн согушу ылдамдап баштаганда жупташууга өтөт. Мырза “куралын” жыныс кынына терең киргизбей (2-3 сантиметр) 10 мүнөттөй ыйкалайт. Андан соң терең матырып салат. Кайра терең киргизбей, анан күтүлбөгөн жерден аялдын “алигисине” сокку урат. Натыйжада аял оргазмга гана эмес, эс-учун жоготконго чейин жетет.

Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №374 санына жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Apyn8793
2021-02-11 10:29:11
Атандын гору! Укмуш го ))))
+6
Muslim_KGstana.
2021-02-11 12:21:45
Сквирт боюнча Жазып салгылачы бир
+2
Kombi
2021-02-11 22:14:42
Аа иттер акчага элдин ансезимин бузуп жатасынар.
+1
Malik92
2021-02-14 18:12:24
Ушуларды жазган автор оз атынды да жаза кетсен жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан