Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну 52 жаштагы К.А. 7-октябрь күнү жергиликтүү милиция бөлүмүнө өз каалоосу менен ИЖ-18 үлгүсүндөгү куралды өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрь күнү Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Жарандын айтымында, мыйзамсыз курал сактоо үчүн кылмыш жообуна тартыларын билип, өз каалоосу менен милиция бөлүмүнө өткөрүп берүүнү чечкен. Учурда курал текшерилип жатат.