Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев министрге кеңешчи болуп дайындалды

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин буйругу менен министрдин спорт тармагы боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 1980-жылы өткөн олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев менен жолугушту", - деп жазылат билдирүүдө.

Жолугушууда өлкөдө спорт жана дене тарбияны өнүктүрүү, өсүп келе жаткан муунду социалдык жоопкерчиликтүү нукта тарбиялоо маселелери талкууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jazmina909090
2021-02-10 17:14:41
Ишинизге ийгилик агай.Туура чечим
+1
nazira...
2021-02-10 17:27:38
Быягы жакшы чечилиптир. Өтө жакшы кеңешчи болооруна ишенем.
+1
emil91
2021-02-10 23:58:19
Туура чечим.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан