80 жашка чыккан Эл артисти Сардарбек Жумалиевдин юбилейи белгиленет
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сардарбек Жумалиевдин юбилейи өткөрүлөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
3-даражадагы «Манас» орденинин ээси, белгилүү композитор, Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру Сардарбек Жумалиев 5-февралда 80 жашка чыкты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев эл артистин куттуктап, быйыл юбилейлик иш-чара жогорку деңгээлде белгиленерин айтты.
Сардарбек Жумалиев 100дөн ашуун оркестрдик чыгармалардын автору, элдик аспаптар оркестрине 70тен ашуун кыргыз обончуларынын жана композиторлорунун ырларын аранжировкалаган. Алардын катарында "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Жаңы жылды тосолу", "Ысык-Ата Арашан","Махабат Мекени", "Кетпейм сага жолукмайча" жана башкалар.
Ал тарабынан Чүй облусунун «Сары-Өзөн» гимни, «Кыргыз Улуттук университетинин гимни», «Токой чарбасынын гимни», «Манас балдар мектебинин гимни», «Кыргызпатентинин гимни», Бишкек шаарынын «Бишкегим» аттуу гимндери жазылган.