Биз социалдык тармакта

Бишкекте адашып кеткен 10 жана 11 жаштагы кыздар табылды

Бишкекте адашып жүргөн кичинекей кыздар табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-февралда болжол менен саат 16:00 чамасында Арча-Бешик жаңы конушунда кичинекей кыздар жоголду деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен болжол менен саат 16:00 чамасында 2010-жылы туулган С.А. жана 2009-жылы туулган И.А. аттуу кыздар үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендигин кабарлашкан. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө болжол менен саат 20:00 чамасында кыздарды таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан