Биз социалдык тармакта

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов: "Эми дин кызматкерлери элдин көзүн кантип карай алышат?"

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Муфтияттагы коррупция боюнча билдирүү калтырды. Анын билдиришинче Муфтияттагы коррупция ага күтүүсүз болгон.

"Мен үчүн көпчүлүгүңүздөрдөй сыяктуу эле жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган жаңылыктар күтүлбөгөн окуя болду. Мен жумушка келгенде пандемиядан улам ажылык токтотулуп, муфтиятта бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жаткан каржылык кырдаал оор болгон. Имамдар айлык алышпайт, ал тургай кызматтык унааларды өз каражатыбызга оңдоп, май куйчубуз. Кээ бирлери айрым демилгелерин өз чөнтөгүнөн каржылашчу.

Тилекке каршы, реформалар тийиштүү техникалык жана каржылык колдоосуз ишке ашпайт. Албетте, биз жетишкен натыйжалар дагы бар. Эки жумадан ашык убакыттан бери үй-бүлөлүк себептерден улам (атамдын оорусу) мен муфтиятта убактылуу иштеген жокмун. Азыркы учурда кайра ойлонуу, кайра баалоо болуп жатат. Менин оюмча күнөө далилденип, сот чечим чыгармайынча бул окуяга баа берүү эрте.

Чынын айтканда сөз жок, кандай жагымсыз. Менимче, бул биздин коомдун көрсөткүчү. Эми дин кызматкерлери адамдардын көзүн кантип карай алышат? Эми адамдар кимге ишенишет? Айрыкча жаштар кимдин жолун жолдошот? Бул биз үчүн ошондой эле мамлекет үчүн дагы башкы маселе", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aslan_akjol89
2021-02-11 09:59:26
Подстава кылып коюшту 200%
+19
zam81
2021-02-11 10:15:16
Пендеда акча азгырыгы
-2
Almaz-pazilbaiuulu
2021-02-11 11:10:54
Бул Кадыр Маликов деген өзү ким муну өздөрү аалым деп катарына кошуп алышкан эми мынандай кыйын учурда акырын сыртка кетип жатат
Братан сен деле дин кызматкерисиң если что
+1
Mirlan27011987
2021-02-11 12:22:17
Акча, кызмат дегенде ыйманды дароо унутуп коюшат. Молдо да адам да оз кызыкчылыгына келгенде ыймандга да тукуруп салууга даяр турушат буларын деле.
+3
Aliumar15
2021-02-11 15:53:12
Булда болсо дин душмандарынын кылган оюну элге динди жаман коргозуш биздин бийликтеги (ИТТЕР)ошол дин душмандарына жардам берди Аллахым жазанарды берсин ылайым эки дуйно жакшылык корбогуло
-2
Sajakat14
2021-02-15 20:32:13
Aliumar15,дин жаман деген бир сөз дагы жок макалада. Дин кызматкерлери болсо дагы мыйзамга баш ийишет. Элдин акчасын кайрып бербей өз кызыкчылыгына орто жолдо колдоно калганга жол жок! Подстава болсо кыйкырып айтып чыгат элего буга ери экөө алган эмеспиз деп. Диндин артына жашынып кылмыш кылганга боло береби?
+1
subhan80
2021-02-11 18:24:09
Жакшы кумон кылалы муфтий жакшы адам бул жерде дагыле баягындай коо суртмой жалаа жапмай адамдардын кылган иши буларды Аллах озу акыретте не кылышты озу билет
0
nazira...
2021-02-11 18:40:53
Сен Кадыр муфтий тарапта сүйлөсөн болот эле. Дин адамынын сөзүбү сүйлөгөнүн. Эртен Максат ажы акталып чыкса дагы не дейт экенсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан