Соңуна чыгып барат жаткан апта Кыргыз өлкөсүндө ар кандай окуяларга бай болду. Адегенде эле шаар башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Балбак Түлөбаев ден соолугуна байланыштуу кызматтан өз эрки менен кетип жатканын жарыялады.
Жаңы эле бошогон мэрлик орунду мээлегендер четтен чыгышты. Алгач эле өлкөнүн премьер-министри Улукбек Марипов Эрмек Нургазиевди бул кызматка дайындаганы белгилүү болду. Жаңы гана маалымат жыйын берип, мэрлик кызматка кадам таштаганда коомчулукта Нургазиевге кылмыш иши козголгонун, ал эле эмес убагында аял кишини чаап жибергенин айтып чыгышты. Социалдык тармактардын колдонуучулары ызы-чуу түшкүчө маалымат өлкө башчысына жеткен. Ал дагы өз кезегинде "мунуңар мэрликке жарабайт" дегендей билдирүү жасап, коомчулуктун ой пикири менен эсептешип жаткандай элес калтырды. Бошоп калган мэрлик кресло көзүнөн учкан кайдыгер эмес жарандар келип өзүн мэр болууга татыктуу экенин да айтып өтүштү.
Көп өтпөй Бактыбек Кудайбергенов убактылуу калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ысымы "Бак"тан башталгандарга оомат оогон көрүнөт, дегеним Бактыбек Аманбаев АКШга элчи болуу сунушу түшкөнүн айтса, мындан 2 күн мурун Бакыт Сыдыков "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасы болуп бекитилген болчу.
Мэриянын айланасында ызы-чуу басаңдап калганы менен, кечээ Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы мыйзам бузуулар тууралуу маалымат тарап, ал жактын бухгалтери ири суммадагы пара берип жаткан жеринен кармалган. Көпчүлүк буга ишенгиси келбей турган маалда муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү үчүн арыз жазганы айтылды. Ал эми түн ооп калганда Максатбек Токтомушев жогоруда козголгон ишке тиешеси бар экени аныкталып, УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду. Коомчулук бул тууралуу ар кандай ойлорун, пикирлерин билдирди. Бул жөн гана саясат экенин, муфтийдин буга эч кандай тиешеси жок экенин айтып чыккандар да жок эмес.
Саясий окуялардан тышкары өлкөдө үй-бүлө ичинде болгон үрөй учурган кылмыштар дагы катталды. Бири Өзгөндө күйөөсү менен уруша кеткен 29 жаштагы келин өзүнө-өзү бычак сайган. Алган жаракатынан улам ал ооруканага жеткирилген. Ал эми Кеминде да ушундай эле үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам аялы күйөөсүн балка менен башка чаап өлтүргөн. Окуядан кийин келин өзү милицияга келген. Токмокто болсо кылмышкер 80 жаштагы кемпирдин үйүнө уурулукка кирип аны тоноп, андан соң зордуктаганы аныкталган.
Ал эми Твиттер социалдык тармактын Орус жана Кыргыз сегментинде "Кыргызстанбы же Киргизиябы?" деген суроо салынып, кеңири талкууга алынды. Анда Бектур Искандер аттуу колдонуучусу эмне үчүн Кыргызстан деп жазуу туура экендигин түшүндүрүп жазды. Көптөгөн колдонуучулар өз пикирлерин жазышты.