Кечээ, 10-февралда Бишкектеги «Sheraton» мейманканасынын маалымат-жыйындар залында Кыргыз футбол союзунун (КФС) аткаруучу комитетинин кезексиз жыйыны өттү. Бул тууралуу КФСнин басма сөз кызматы кабарлады.
⠀
Жыйындын жүрүшүндө футболдук союздун 2021-жылкы негизги спорттук мелдештеринин регламенттери каралып, бекитилди. Алсак, Кыргыз Премьер-Лигасынын 2021-жылкы сезонуна 8 команда катышат. Чемпиондук бири-бири менен ойногон таризде өтүп, төрт айлампадан турат. 2021-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогу 1/32 финалдан старт алат.
Былтыркы сезондо Кыргыз Премьер-Лигасына жалпы 9 команда катышкан. Кийинчерээк, Ысык-Көлдүн "Лидер" командасы каржылык маселелерден улам турнирден четтеген. Былтыркы сезондо бишкектик "Дордой" клубу өлкө чемпиону аталса, Оштун "Алай" футболдук клубу өлкө кубогун жеңген.